Мустафа Шентоп Загребде украиналык кесиптеши менен жолугушту

Шентоп Түркиянын Украинага берген колдоосунун улана турганын белгилеп, ушул убакка чейин аймакка 100гө жакын гуманитардык жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөнүн айтты.

1897401
Мустафа Шентоп Загребде украиналык кесиптеши менен жолугушту

Түркия  Улуттук Парламентинин спикери  Мустафа Шентоп Түркиянын аймактагы тынчтык үчүн колдон келген салымын кошууга даяр экенин айтты.

Хорватиянын борбор шаары Загребге барган Мустафа Шентоп Украина парламентинин спикери Руслан Стефанчук менен жолугушту.

Шентоп Украинанын бардык аймагындагы кол салууларда калкты ылгабастан бутага алуунун кабыл алынгыс экенин баса белгилеп : «Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана эгемендигин толук колдойт»,-деди.

Шентоп Түркиянын Украинага берген колдоосунун улана турганын белгилеп, ушул убакка чейин аймакка 100гө жакын гуманитардык жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөнүн айтты.

Согуштун энергетика, азык - түлүк, транспорт сыяктуу бир топ тармакта  Украинага  гана эле эмес бүткүл дүйнөгө терс таасир тийгизгенине көңүл бурган Шентоп Түркиянын бул глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аракет кылып жатканын билдирди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп бул алкакта Украина данын Түркиянын арачылыгы менен Кара деңиз аркылуу экспорттоп глобалдык азык - түлүк кризисинин кесепеттерин жоюуга чоң салым кошконун баса белгиледи.

Түркиянын дипломатиялык демилгелерине токтолгон Шентоп президент Режеп Таййип Эрдогандын Россия Федерациясы менен да эң жогорку деңгээлде байланышта экенин айтты. Россия менен азыркы учурда сүйлөшүү столунан алыстаган болсо да бир жерде сүйлөшүү столуна кайтыларын белгилеген Шентоп : «Эң негизгиси Украина үчүн туура учурда ал столго отуруу. Бул убакытка албетте Украина чечим чыгарат. Коңшуңуз, стратегиялык өнөктөшүңүз, досуңуз жана боордошуңуз катары Түркия аймактын тынчтыгы үчүн колунан келген салымын кошууга даяр»,- деди.

Шентоп : «Түркия бул согуштун Украинанын жеринин бүтүндүгүнүн негизинде адилеттүү тынчтык менен көп адам жоготпостон эртерээк акырына чыгышын каалайт. Негизги каалообуз бул»,- деди.



Тектеш кабарлар