ПККнын жооптууларынан бирине МИТтин операциясы...

Бул тууралуу коопсуздук булактарынан маалымат берилди.

1896644
ПККнын жооптууларынан бирине МИТтин операциясы...

Улуттук чалгындоо уюму (МИТ) Сирияда жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Чавреш бригадасынын саботаж батальонунун жооптуусу делген «Амед Доршин» каймана аттуу террорист Эййүп Якутту таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, 2010-жылы террордук уюмга кошулган Якуттун 2013-жылы уюмдун тоодогу курамына өтүп, Түркия жана Сирияда террордук кыймылдарды жасагандыгы аныкталган.

2020-жылдан кийин террорист Якут Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнө каршы жардырууларды жана саботаждарды уюштурган деп аталган бригаданын жооптуусу катары жүргөн.

Террорист Якуттун артынан Түрк куралдуу күчтөрүнө каршы жасалган террордук аракеттерден улам МИТ изин кууп келди.

Сириянын Шаддаде аймагында экени аныкталган террорист Якут чекит операциясы менен жок кылынды.



Тектеш кабарлар