Эрдоган: «Түрк кылымын курабыз жана өлкөбүздү дүйнөнүн биринчи лигасына алып чыгабыз»

Президент Эрдоган Малатияда уюштурулган кечки тамакта Бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жана Сектор өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

1896338
Эрдоган: «Түрк кылымын курабыз жана өлкөбүздү дүйнөнүн биринчи лигасына алып чыгабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, экономикада көргөн чаралары менен пайыздык лоббилердин кулай баштаганын баса белгилеп: «Биз азыр пайыздык чендер боюнча бир орундуу сандарга түшүп жатабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Малатияда уюштурулган кечки тамакта Бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жана Сектор өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

Кызыкчылык лоббилерине карабастан Түркияны жыл сайын орто эсеп менен 5,5 пайыз өстүрүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган:«Учурда пайыздык лоббилер кыйрай баштады. Эми биз пайыздык чендер боюнча бир орундуу сандарга түшүп жатабыз. Жеке сектордун банктары да пайыздык чендерди төмөндөтө башташты. Террорчулук менен күрөшүүдөн коргонуу өнөр жайына, тышкы соодадан социалдык жардамга чейин өлкөбүзгө уникалдуу жетишкендиктерди, жеңиштерди жана рекорддорду алып келдик»,-деди.

Эрдоган Түркиянын билим берүү, саламаттыкты сактоо, адилеттик, коопсуздук, транспорт, айыл чарба жана дипломатия тармактарында секирик жасаганын баса белгиледи.

Энергия тартыш болгон Европа учурда «бул кышты кантип өткөрөбүз?» деп тынчсызданганына көңүл бурган Эрдоган, Түркиянын мындай тынчсыздануусу жок экенин айтты.

«Түркия биз менен бирге республика тарыхындагы эң чоң демократиялык трансформацияны жана экономикалык бурулушту башынан өткөрдү»,-деп айткан Эрдоган:«Келечекте биз сиздер менен бирге мындан да чоң жетишкендиктерди ишке ашырабыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Президент, алдыбыздагы мезгилде Түркиядагы биримдик, ынтымак жана бир туугандыктын негизин дагы да бекемдей турган жаңы кадамдарды таштай тургандарын белгилеп:«Түрк кылымын куруп жатып, 20 жылдык демократия жана өнүгүү жетишкендиктерибизди коргойбуз жана өлкөбүздү дүйнөнүн биринчи лигасынын эң алдыңкы сабына алып чыгуу максатыбыздан тайбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар