Чавушоглу: «Түркия кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды президентибиз бөлүшөт»

Чавушоглу Хатайда Бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту.

1896355
Чавушоглу: «Түркия кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды президентибиз бөлүшөт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «28-октябрда Түркиянын кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды президентибиз Режеп Таййип Эрдоган бүт улутубуз жана дүйнө коомдук пикири менен бөлүшөт»,-деди.

Чавушоглу Хатайда Бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө чек арадагы абалдарга токтолгон Чавушоглу: «Кризис, согуш жана кагылышуулардын жалпы санын караганыбызда, тилекке каршы, алардын 60 пайызы биздин чөлкөмдө, биздин айланабызда жана жакын географиябызда. Биз айланабыздагы бул кризистерге карабай өсүп, өнүгүп, күчтөнүп жаткан өлкөгө айландык»,-деди.

Сириядагы трагедияга көңүл бурган Чавушоглу, Ливия жана Иракта да ушундай трагедиялар болгонун айтты.

Чавушоглу мунун тереңдеп кетпеши жана башка өлкөлөрдүн да бул абалга түшпөөсү үчүн талыкпай иштеп жаткандарын баса белгилеп: «Эгер биз болбогондо Ливия бүгүнкү күндө Сириядай болмок»,- деди.

Сирия маселесинин саясий жол менен чечилиши өтө маанилүү экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык, режим менен оппозиция конституцияны, андан кийин шайлоо процессин камтыган бардыгын камтыган жол картасы боюнча макулдашышы керектигин айтып жатабыз»,-деди.

Түркия Республикасынын экинчи кылымын «Түркия кылымы» кылуу үчүн иштеп жаткандарын баса белгилеген тышкы иштер министри: «Бул түш эмес. Келерки жылы республикабыздын 100 жылдыгын ишке ашырабыз жана республикабыз экинчи кылымына кадам таштайт. Демек, республикабыздын экинчи кылымы- Түркия кылымы болот. Бул үчүн биз максаттарды, көз караштарды коюп жатабыз. Буюрса, президентибиз ушул айдын 28инде Түркия кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды бүткүл улутубуз жана дүйнө коомчулугу менен бөлүшөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар