Президент Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун маалымат министрлеринин конфеернциясына катышты

Жалган кабарлар менен күрөшүүнүн маанисине токтолгон президент бул тууралуу ислам өлкөлөрүнүн биргеликте аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

1896179
Президент Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун маалымат министрлеринин конфеернциясына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга карата жалган маалымат таратуу аракеттерине каршылык көрсөттү. Президент Эрдоган Стамбулда Ислам Кызматташтык  Уюмунун маалымат министрлеринин конференциясында сөз сүйлөдү.

Француз цемент фирмасы Лафарждын Сириядагы террордук уюм ДЕАШка колдоосунун ортого чыккандыгын эске салган Эрдоган : «Кечээ бизге жалаа жапкандардын ошол эле мезгилде ДЕАШ менен кызматташтык түзгөнү далилдер менен ортого чыкты»,- деди.

Эрдоган :«Ушундай эле эки жүздүү мамиленин ПКК, ПЙД жана ФЕТӨго карата мамилелерде да көрүлгөндүгүн билебиз. Колдорундагы күнөөсүз адамдардын канына карабастан бул уюмдар колдоого алынып жатат. Ар бир сөз сүйлөгөндө бизге эркиндиктен, демократиядан жана адам укуктарынан сөз кылгандар күлкүлүү шылтоолор менен бул уюмдарга ээ чыгууну улантышууда»,- деди.

Президент Эрдоган Түркиянын «террор менен күрөшүнө» карата жалган маалымат таркатуу аракеттерине да каршылык көрсөтүп : «ФЕТӨдөн жикчил террордук уюмдарга, түрдүү эл аралык медия мекемелерине чейин өлкөгө каршы топтордун бутасы болуудабыз. Айрыкча террордук уюмдарга каршы адилеттүү күрөшүбүз толугу менен жалган кабарлар менен жок кылынууга аракет кылынууда»,-деди.

Жалган кабарлар менен күрөшүүнүн маанисине да токтолгон президент бул тууралуу ислам өлкөлөрүнүн биргеликте аракет кылышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар