Түрк аба жолдору Италияга айрым каттамдарын токтотту
Италиядагы иш таштоонун абалына жараша токтотула турган каттамдардын саны ар кандай болушу мүмкүн.
1895237
Түрк аба жолдору (THY) 21-октябрда Италиядагы аэропорт кызматкерлеринин иш таштоосунан улам кээ бир каттамдардын токтотулганын билдирди.
THYнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, эртең аткарылышы пландалган «TK 1873-1874 Стамбул-Милан-Стамбул», «TK 1895-1896 Стамбул-Милано-Стамбул» жана AnadoluJetтин «TK 7976-7977 Сабиха Гөкчен-Бергамо-Сабиха Гөкчен» учуулары жүргүзүлбөйт.
Италиядагы иш таштоонун абалына жараша токтотула турган каттамдардын саны ар кандай болушу мүмкүн.