«Эрен блокада күз-кыш-3» операциясы башталды
"Эрен блокада күз-кыш" операциялары өлкөдөгү террорду толугу менен жок кылууну максат кылууда.
1895432
Диярбакырда жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен блокада Күз-Кыш-3» операциясы башталды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, «Эрен блокада Күз-Кыш-3 (Диярбакыр-Лиже Улужак-Йорулмаз) шейит жандармерия капитаны Фуат Огузжан операциясына» 1006 коопсуздук кызматкери жана 61 ыкчам топ катышууда.
"Эрен блокада күз-кыш" операциялары өлкөдөгү террорду толугу менен жок кылууну максат кылууда.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө да, Сиирт менен Вандын ортосундагы Көркандил тоо аймагында 2 террористтин куралдары менен таасирсиз абалга келтирилгени кабарланды.