Калын: «Биз дан келишимин узартууну жактайбыз»

Ибрахим Калын менчик телеканалда суроолорго жооп берди.

1894537
Калын: «Биз дан келишимин узартууну жактайбыз»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Украинадан эгин ташууну камсыз кылган дан коридору келишиминин мөөнөтү 16 же 19-ноябрда бүтө турганын, мөөнөттүн узартылышын жактагандарын айтты.

Ибрахим Калын менчик телеканалда суроолорго жооп берди.

Калын, «Дан келишими узартылабы же жокпу?» деген суроого Түркиянын келишимдин мөөнөтүн узартууну жактаганын айтты.

Калын: «Менин оюмча, мөөнөтү 16 же 19-ноябрда бүтөт. Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге аны 3, 6 ай же 1 жылга узартуу боюнча керектүү сунуштарды берди. Бизде оң маанай бар. Бирок орустар азырынча анык жооп бере элек»,-деди.

«-Үмүттүүсүзбү?» деген суроого жооп берген Калын: «Мен үмүттүүмүн. Президентибиздин бул темада Путин мырзага айткан сунушуна жана өтүнүчүнө жооп болот деп ойлойм. Ар ким айтып жүргөндөй, биздин президент бул багытта жыйынтык чыгара турган жалгыз лидер. Анткени Путин мырза менен бул маселе боюнча сүйлөшө ала турган Европа же Америка лидерлери калган жок»,-деп айтты.

Калын, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитстин да бул темада Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Орус данынын да чоң мааниге ээ экенин түшүндүргөн катчы Калын: «Путин мырза 150 миллион тонна деген цифраны айтты. Анын бир бөлүгүн өздөрүнө калтырышат, балким үчтөн бир бөлүгүн, бирок калганын эл аралык рынокко беришет, бул өтө олуттуу сан»,-деди.



Тектеш кабарлар