Ата мекендик ракета "Тайфун" бутага ийгиликтүү сокку урду

Ракета өнөр жай жана соода корпорациясы (ROKETSAN) тарабынан ракета сыноосу өткөрүлдү.

1894150
Ата мекендик ракета "Тайфун" бутага ийгиликтүү сокку урду

Ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан «Тайфун» ракетасы 561 километр алыстыктагы бутаны ийгиликтүү атты.

Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын «Тайфун ракета системасын өнүктүрүү долбоорунун» алкагында, Ракета өнөр жай жана соода корпорациясы (ROKETSAN) тарабынан ракета сыноосу өткөрүлдү.

Ризе-Артвин аэропортунда, Улуттук Коргоо министрлигинин перронунда, кургактан деңизге узак аралыктуу атууда ата мекендик ракета «Тайфун» Синоп жээгине учурулду.

Ракета 561 километр алыстыктагы бутаны 458 секундда ийгиликтүү атты.



Тектеш кабарлар