Шахтада жарылуу болуп 26 жумушчу каза болду

Түркия таш көмүр  мекемесине караштуу шахтада кечээ кечинде Түркия убактысы боюнча саат 18: 15 чамаларында жарылуу болду.

1893118
Шахтада жарылуу болуп 26 жумушчу каза болду

 Бартын облусунун Амасра районунда бир шахтада болгон жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 26 жумушчу каза болду. 

Түркия таш көмүр  мекемесине караштуу шахтада кечинде Түркия убактысы боюнча саат 18: 15 чамаларында жарылуу болду. Жарылуудан кийин  аймакка көп сандаган медициналык кызматкер жана өрт өчүргүч, издөө - куткаруу топтору жиберилди. 

Окуя боюнча аймакка барган ички иштер министри Сүлейман Солу жарылуудан кийин 26 жумушчунун каза болгондугун билдирди. Министр Сойлу жарылуу учурунда шахтада 110 жумушчунун болгондугун, куткарылууга аракет кылынган 15 жумушчунун бар экендигин билдирди. 

Сойлу менен аймакка барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез алгачкы белгилөөлөрдүн шахтада рудин газынын жарылгандыгын белгилегенин айтышты.

Бүгүнкү программаларын токтоткон президент Режеп Таййип Эрдоган Бартынга барып издөө - куткаруу иштерин ордунда координациялайт. Окуя тууралуу тергөө иши башталды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар