Катардын эмири бүгүн Түркияга келет

Түркия  -  Катар жогорку стратегиялык комитеттин сегизинчи жыйыны президент Эрдоган жана Катар эмири Аль Санинин катышуусу менен Стамбулда өтөт.

1892610
Катардын эмири бүгүн Түркияга келет

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга расмий сапар менен келет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сапардын негизинде Түркия  -  Катар жогорку стратегиялык комитеттин сегизинчи жыйыны президент Эрдоган жана Катар эмири Аль Санинин катышуусу менен Стамбулда өтөт.

Тийиштүү министрлер да катыша турган стратегиялык комитет жыйынында  Түркия  -  Катар карым  - катнаштары бардык тарабы менен каралат, эки тараптуу кызматташууну бекемдеп, өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

 

 



Тектеш кабарлар