Түркиядан АКШга айыптоо

Түркиядан АКШнын Сирия контексиндеги «Улуттук чукул абал» деген темадагы жарлыгына байланыштуу : «Өлкөбүз  тууралуу негизсиз айыптоолорду камтыган бул жарлыкты айыптайбыз»,- деп билдирилди.

1892536
Түркиядан АКШга айыптоо

Түркиядан АКШнын Сирия контексиндеги «Улуттук чукул абал» деген темадагы жарлыгына байланыштуу : «Өлкөбүз  тууралуу негизсиз айыптоолорду камтыган бул жарлыкты айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШ тарабынан 2019 -  жыл октябрь айынан бери Сирия контексинде «Улуттук чукул абалдар» деген темада жарыяланып жаткан президенттик жарлык 2022 – жылдын 12 -  октябрында кайталанды. Өлкөбүз тууралуу негизсиз айыптоолорду камтыган бул жарлыкты айыптайбыз. Жарлыкта өлкөбүздүн террор менен күрөшүү, чек ара коопсуздугун коргоо, Сириядан чыккан жикчил террордук коркутууларды жок кылуу максатында ишке ашырган «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу орун берилген дооматтар негизсиз»,- деп билдирилди.

БУУнун шарттарынын 51 -  беренсинен келген мыйзамдуу өзүн коргоо укугуна жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин терроризм менен күрөшүүгө байланыштуу чечимдери боюнча Түркия аткарган «Тынчтык булагы» операциясынын аймакта тынчтык жана туруктуулук чөйрөсүн түзгөндүгү баса белгиленип : «Бул операция ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарынын операция аймагынан чыгарылышына шарт түздү. Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушуна салым кошту»,- деп айтылды.

Маалыматта өзгөчө АКШдан ПКК/ЙПГ террордук уюму менен карым  - катнашын токтотуусу жана 2019 -  жыл 17 -  октябрдагы «Биргелешкен билдирүүнүн» жоболорун орундатуусунун күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар