Улуттук коргоо министри Акар Брюсселде

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1891843
Улуттук коргоо министри Акар Брюсселде

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО штабында өтө турган коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барды. 

Түркиянын НАТОнун туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрк жана башка жетекчилер тарабынан тосуп алынган Улуттук коргоо министри Акар НАТОнун туруктуу өкүлчүлүгү менен түрк аскердик өкүлчүлүгүнө барды. Бул жерде аткарылган иштер тууралуу маалымат алган министр Акар Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде эл аралык тармакта субъектиге айланганын белгиледи. Акар аракеттердин натыйжасында түзүлгөн "дан коридору" менен глобалдык тамак  - аш кризисинин чечилишине, барымталарды алмаштыруу, чек араларды коргоодон Кара деңизде туруктуулуктун түзлүшүнө чейин Түркия ишке ашырган маанилүү иштерге басым жасады. 

Түрдүү фактрлордон улам абдан жооптуу бир мезгилден өтүлүп жаткандыгын айткан Акар керек болсо Түркиянын коргонуу жана коопсуздугу керек болсо союздаштыктын аткарган иштеринин негизинде иштердин чоң жоопкерчилик менен улантылышынын маанисин айтты. 

Минисрликтен берилген маалыматта Акардын Брюсселде НАТОнун коргонуу министрлеринин жыйынында өтө турган отурумдарга катышары жана  эки күн түрдүү жолугушууларды өткөрөрү белгиленди. Маалыматта министр Акардын жолугушуусу пландалган ысымдардын арасында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин да бар экендиги билдирилди. 

Акар андан кийин НАТО штабындагы жолугушууларынын негизинде Хорватиянын Коргоо министри Марио Банозиж менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу, коопсуздук менен коргонуу өнөр жайында кызматташуу темаларында пикир алышты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар