Эрдоган эртең Казакстанга барат

Эрдоган Түркия - Казакстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынына Казакстандын президенти Касым Комерт Токаев менен бирге төрагалык кылат.

1891459
Эрдоган эртең  Казакстанга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынына жана Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин алтынчы саммитине катышуу үчүн Казакстандын борбор шаары Астанага барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган Түркия - Казакстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынына Казакстандын президенти Касым Комерт Токаев менен бирге төрагалык кылат.

Тийиштүү министрлердин катышуусу менен эртең өткөрүлө турган Кеңеш жыйынында Түркия - Казакстан карым - катнаштары ар тараптан каралып, кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Жолугушууларда аймактык жана глобалдык маселелер менен бирге эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу да пикир алмашуу болот.

Президент Эрдоган 13 - октябрда өтө турган Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары конференциясынын алтынчы саммитинде мамлекет жана өкмөт башчыларына кайрылат жана  эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 



Тектеш кабарлар