Түркиянын терроризм менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.
1890759
Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГдан 5 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз менен Улуттук чалгындоо уюмубуздун координацияланган ишинин натыйжасында Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында аныкталган 5 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды»,делди.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, «Террористтердин ок атуулары жазасыз калбайт. Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту бузуу үчүн тийишип ок чыгарган 8 ПКК/ЙПГ террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды»,делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.