Мустафа Шентоптун Индонезиядагы жолугушуулары

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Индонезияда Парламенттер аралык биримдигинин башчысы Дуэрте Пачеко менен жолугушту.

1890016
Мустафа Шентоптун Индонезиядагы жолугушуулары

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп чоң жыйырмалыктардын парламент спикерлеринин саммитине катышуу үчүн барган Индонезияда бул өлкөнүн Парламенттер аралык биримдигинин башчысы Дуэрте Пачеко менен жолугушту.

Шентоп жолугушууда түздөн түз элдин өкүлү болгон парламенттердин биринчи милдети элдердин келечекке тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылыкта жетишине жардам берүү экенин баса белгилеп, февраль айынан бери уланып жаткан Украина - Россия согушуна көңүлдөрдү бурду.

Шентоп : «Түркия башынан бери лидерлерди жолугушутуруу үчүн аракет кылууда. Менин оюм боюнча коомчулукка берген маалыматтардан айырмаланып, айрым өлкөлөр согуштун акырына чыгышын каалабайт»,- деди.

Парламенттер аралык биримдигинин башчысы Дуэрте Пачеко да президент Режеп Таййип Эрдогандын маселени чечүү үчүн көрсөткөн аракеттин маанисин баса белгилеп ыраазычылык билдирди.

Шентоп да оң сөздөрүнөн улам Пачекого ыракмат айтты. Андан кийин Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясы чоң жыйырмалыктардын парламент башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган Индонезиянын борбор шаары Жакартадан кетти.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар