Дан жүктөлгөн дагы 4 кеме жолго чыкты

Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1889914
Дан жүктөлгөн дагы 4 кеме жолго чыкты

Украинадан дан эгиндерин ташуунун алкагында дагы 4 кеме жол тартты.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: "Украина портторунан эгин ташуу үзгүлтүксүз уланууда. Бүгүн дан жүктөлгөн 4 кеме жөнөп кетти",-деп айтылды.

Кара деңизден коопсуз азык-түлүк ташуунун камсыздалышы үчүн 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен Стамбул дан келишимине кол коюлган.



Тектеш кабарлар