Хулуси Акар Лондондо

Британиялык кесиптеши Уоллес тарабынан тосулуп алынган Акар азем аянтында аскерлерге салам берди

1889370
Хулуси Акар Лондондо

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин расмий чакыруусу менен Англиянын борбор шаары Лондонго барды. Британиялык кесиптеши Уоллес тарабынан тосулуп алынган Акар азем аянтында аскерлерге салам берди. 

Аземден кийин министр Акар жана британиялык кесиптеши Коргоо министрлигине өтүштү. Акар менен  Бен Уоллес бул жерде оболу жекеме  - жеке сүйлөшүштү андан кийин делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышты. Жолугушууларда эки тараптуу жана аймактык коргонуу, коопсуздук менен коргонуу өнөр жайында  кызматташуу темалары талкууланды. 

 



Тектеш кабарлар