Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда STV телеканалындагы программага байланыштуу Түркиянын катуу каршы чыгуусу Херстремге билдирилди.

1888926
Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Түркия Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстремди Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Швециянын Анкарадагы элчиси Херстрем Швециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө (SVT) президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түркияны кемсинткен (кемсинтүүнү камтыган) сөздөрдү жана көрүнүштөрдү камтыган программанын көрсөтүлүшү боюнча Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда STV телеканалындагы программага байланыштуу Түркиянын катуу каршы чыгуусу Херстремге билдирилди.

Дипломатиялык булактар, «Улуу урматтуу Президентибизге жана өлкөбүзгө каршы ченемсиз, жийиркеничтүү сөздөрдүн жана видеолордун кабыл алынгыс экендиги жана мындай чыгарылыштардын ой-пикир жана басма сөз эркиндиги менен түшүндүрүлүшү мүмкүн эместиги баса белгиленди»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар