Шентоп: «Баалуулуктар менен айкалышкан укук түшүнүгү менен адилеттүү дүйнөнүн болушу мүмкүн»

Мустафа Шентоп Малайзия жолугушууларынын экинчи жана акыркы күнүндө Эл аралык Ислам университетинде «Эки башка дүйнө, эки башка укук түшүнүгү» аттуу лекциясында студенттер жана академиктерге кайрылды.

1888540
Шентоп: «Баалуулуктар менен айкалышкан укук түшүнүгү менен адилеттүү дүйнөнүн болушу мүмкүн»

 

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, баалуулуктар, ишенимдер, абийир жана адеп-ахлак менен интеграцияланган укук түшүнүгү менен адилеттүү дүйнөнүн болушу мүмкүн экенин айтты.

Мустафа Шентоп Малайзия жолугушууларынын экинчи жана акыркы күнүндө Эл аралык Ислам университетинде «Эки башка дүйнө, эки башка укук түшүнүгү» аттуу лекциясында студенттер жана академиктерге кайрылды.

Бүгүнкү күндө башынан өткөргөн глобалдык көйгөйлөрдүн биринин мыйзамдын адилеттүүлүктү камсыз кыла албаганы экенин белгилеген Шентоп өз кызыкчылыктары үчүн эл аралык укукту бузгандарга каршылык көрсөттү.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта эл аралык укуктун бузулганын көп жолу кайталагандарын баса белгилеген Шентоп:«Бирок, жарым кылымга жакын убакыттан бери, бүткүл дүйнө жүзү боюнча эл аралык укук тебеленген талпакка айланган кезде, алардын кызыкчылыктарына келгенде мыйзам бузууга каршы болбогондор үчүн азыр мыйзам бузулуп жатканын айтуу канчалык туура жана натыйжалуу болушу мүмкүн? Ушул себептен биз Түркия катары «Жаңы жана адилеттүү дүйнө мүмкүн» деп жатабыз. Адилеттүү дүйнө баалуулуктар, ишенимдер, абийир жана адеп-ахлак менен айкалышкан укук түшүнүгү менен мүмкүн болорун билдирип жатабыз»,-деп айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы жолугушууларынын алкагында Истана Негара королдук сарайында Малайзиянын Королу Султан Абдуллах менен да жолукту.



Тектеш кабарлар