Эрдоган менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалга баа берилди.

1886548
Эрдоган менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалга баа берилди.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө узун убакыттан бери иштеп жатышкан Россия -  Украина туткундарды алмаштыруунун ийгиликтүү жыйынтыкталышынан жана БУУнун да кошкон салымы менен ишке ашырган Стамбул келишиминин иштешинен улам ыраазы экендигин айтты.

Ноябрь айында мөөнөтү толо турган механизмдин узартылышынын биргелешкен кызыкчылык экендигин белгилеген Президент Эрдоган орус жер семирткичтеринин жана дан азыктарынын үзгүлтүксүз экспорту тууралуу да иштөөнү улантышкандарын белгиледи.

Президент Эрдоган, дагы да оң абалдарга   жол ачуу үчүн чыңалууну азайтуу үчүн кадамдардын керек экендигин, Москванын бул процессти жеңилдете турган кадамдарды таштоосу күтүлүп жатканын, айрыкча Украинадагы кээ бир аймактардын Россияга кошулуусу темасында да кадам ташташы күтүлгөнүн айтты.

 

 

Россиянын  президенти Путинден сүйлөшүүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү суранган президент Эрдоган, бул процессте көмөкчү ролду ойноого даяр экендиктерин белгиледи.

Кремлдин сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода - экономикалык байланыштардын ылдам өнүгүп жатканы жана соода көлөмүнүн олуттуу өскөндүгү, энергетика тармагындагы кызматташтыктын, анын ичинде Россиядан Түркияга жаратылыш газын ташуу жана Аккую атомдук электр станциясынын курулушуна оң баа берилгендиги билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар