Зеленский Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Зеленский Президент Эрдоган менен коргонуу тармагында дагы көп кызматташуу темасын карап чыгышкандарын айтты.

1886378
Зеленский Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ Президент Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин бөлүшкөн видео билдирүүсүндө  ыраазычылык билдирди. Зеленский видео билдирүүсүндө : "Элибизди орус туткунунан куткарууга жардам бергени үчүн Президент Эрдоганга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Түркияга Азовсталдан келген командирлер жакында үй  - бүлөлөрүн көрө алышат. Бул тууралуу иштеп жатабыз",- деди. 

Зеленский Президент Эрдоган менен коргонуу тармагында дагы көп кызматташуу темасын карап чыгышкандарын айтты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефон аркылуу сүйлөшүүдө 24 -  февралда башталган Россия  - Украина согушу тууралуу абалдарга баа берилди.  

Эрдоган сүйлөшүүдө узун убакыттан бери иштеп жатышкан Россия  - Украина ортосундагы туткун алмашууну ийгиликтүү жыйынтыкташынан кубанычтуу экендигин айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар