Эрдоган партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Түркиянын коңшуларынан баштап бардык өлкөлөрдү эч кандай дискриминациясыз террордук уюмдарга каршы керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

1885195
Эрдоган партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз Грецияны эскерткибиз келет, өзүңөргө келгиле. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жана Европанын колдоосу сизди сактап калат деп ойлойсузбу? Сактабайт. Жөн гана коньки тебесиңер, башка эч нерсеге жарабайт»,- деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Эрдоган борбор шаар Анкарада партиясынын кеңейтилген облустук төрагалар жыйынында сөз сүйлөдү.

Түрк жарандарынын канын төккөн канкорлордун Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө, өзгөчө Грециядагы Лаврион лагеринде корголгондорун жана кол булгалап эркин кыдырып жүргөндөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү террор уюктары жок кылынган сайын, террордук уюмдун мүчөлөрү кээ бир өлкөлөрдө ачыктан-ачык өздөрүнө лагерь куруп жатышат. Бизге коңшулук укугу жөнүндө сөз кылган өлкөлөр биринчи кезекте адамзаттын жана демократиянын бул душмандарына көз жумуп койбошу керек»,- деди.

Президент Эрдоган Түркиянын коңшуларынан баштап бардык өлкөлөрдү эч кандай дискриминациясыз террордук уюмдарга каршы керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

Грецияны тукуруп Түркия менен уруштурууга аракет кылгандардын ниеттерин абдан жакшы түшүнүшкөндөрүн билдирген Эрдоган: «Батыш Фракия жана аралдарда топтолгон куралдар биз үчүн маанисиз. Анткени биздин күчүбүз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз булардан алда канча жогору. Бирок сөз болуп жаткан өлкө (Греция) үчүн жашыруун басып алуу дегенди билдирерин эске салгыбыз келет»,- деди.

Президент: «АКШ менен Европанын колдоосу сизди (Греция) сактап калат деп ойлойсузбу? Сактабайт. Жөн гана коньки тебесиңер, андан башка эч нерсеге жарабайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар