Эрдоган:«Грек саясатчыларын көкүтүп бизге карай тукургандардын чыныгы ниеттерин билебиз»

Президент Режеп Тайып Эрдоган Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

1884937
Эрдоган:«Грек саясатчыларын көкүтүп бизге карай тукургандардын чыныгы ниеттерин билебиз»

Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Колубузда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, Грецияга каршы өлкөбүздүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргобой койбойбуз»,-деди.

Президент Эрдоган Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

«Грециянын бардык жагынан чагымчылык жана провокация жыттанган саясатын мисал катары байкап жатабыз»,-деп айткан Эрдоган:«Грек саясатчыларын көкүтүп бизге карай тукургандардын чыныгы ниеттери, биздин улуу жана күчтүү Түркияны куруу боюнча программабызга тоскоолдук кылуу экенин билебиз»,-деди.

Эрдоган:«Грециянын кийинки чейрек кылымын күрөөгө бере турган жана сөзсүз төлөнө турган экономикалык чыгымдар жана саясий иш-аракеттер бизге эмес, чындап келгенде грек элине коркунуч туудурат. Түркия катары бул кинону мурда көрүп, чечип, ошол дептерди жаптык жана өзүбүзгө жаңы жолду түздүк. Эми болсо Грециянын ушундай эле кырсыкка ачыктан-ачык сүйрөлүп жатканына биз коңшу катары чын жүрөктөн өкүнүүүдөбүз»,-деп айтты.

Чет элдик аскерлердин Грециянын бүтүндөй жеринде баскынчылык көрүнүшү менен топтолушу Түркияны эмес, чыныгы грек элин тынчсыздандырышы керек экенин баса белгилеген Эрдоган:«Аскердик күчтөр да, саясий жана экономикалык колдоолор да Грецияны биздин деңгээлге көтөрүү үчүн жетиштүү эмес, бирок Грецияны сазга сүйрөө үчүн жетиштүү. Колубузда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, Грецияга каршы өлкөбүздүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргобой койбойбуз. (Грециянын провокациялары) Бул грек саясатчылары, Греция мамлекети, грек эли жана аларды куурчак катары колдонгондор үчүн коркунучтуу оюн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар