Чавушоглу Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты
Министр Чавушоглу Токиого сапарын улантууда.
1885279
![Чавушоглу Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/abb4/1cf5/88e2/6332ec2294d52.jpg?time=1722042722)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Токиодо Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты.
Токиого сапарын уланткан министр Чавушоглу Синдзо Абэнин расмий таажиясына катышты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу Твиттерден бөлүшкөн Чавушоглу: "Биз Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына өлкөбүздүн атынан катышып, дос япон элине көңүл айттык",-деди.
Синдзо Абэ 8-июлда Нара шаарында шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сөз сүйлөп жатканда куралдуу кол салуудан каза болгон.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722042723)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.