Түркиядан Мицотакиске жооп берилди

Түркия Мицотакистин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Түркияны бутага алган сөздөрүнүн «фактыларды бурмалоонун жана Түркияга карата душмандыктын дагы бир мисалы» деп жооп берди.

1883918
Түркиядан Мицотакиске жооп берилди

Түркия Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Түркияны бутага алган сөздөрүнүн «фактыларды бурмалоонун жана Түркияга карата душмандыктын дагы бир мисалы» деп жооп берди.

Түркияны Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Жакынкы Чыгыш жана Кавказды туруксуздаштыруу менен айыптаган Грециянын премьер-министринин БУУнун Башкы ассамблеясында айткан сөздөрүнө түрк делегациясы жооп берди.

Делегация : «Тилекке каршы бул билдирүү чындыктарды бурмалоонун жана Түркияга карата душмандыктын дагы бир мисалы болду. Түркиянын аймактагы жана анын тышындагы ролу эл аралык коомчулук тарабынан бааланууда»,-деди.

Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан киргизилген санкцияларды ишке ашырганын эске салган түрк делегациясы, Греция өзү мунай затын кемеден кемеге өткөрүп, санкцияларды бузуп жатканда Түркияны санкцияга баш ийбегендиги менен айыптоо «кош стандарт» экенин баса белгиледи.

Түркиянын Грециянын жеринин бүтүндүгүнө жана биримдигине шек келтирбегенин белгилеген делегация, бул дооматтын пропаганда экенин, Түркия Грецияны, тескерисинче, Эгейдеги талаш-тартыштардын чечилиши боюнча эл аралык укукка негизделген чынчыл жана мазмундуу диалогго үндөгөнүн белгиледи.

Грециянын 1995-жылдын 1-июнунан бери аймактык сууларын 6 деңиз милинен ашат деп Түркияны коркутканына көңүл бурган түрк делегациясы, Грециянын Эгей деңизинин чыгышындагы аралдарды куралдандыруу менен бул коркунучту арттырганын айтты.

Түрк делегациясы: «Эки тараптуу карым-катнаштарыбызда өкүм сүргөн азыркы терс атмосфера, тилекке каршы, Грециянын аң-сезимдүү тандоосу. Дээрлик күн сайын алар кызматташтык жана жакшы коңшулук мамилелердин ордуна чагымчыл аракеттерди жана күчөгөн риториканы тандашат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана НАТОнун ишеним чаралары боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон грек тарап болуп саналат»,-деди.

Грециянын иммигранттарга карата «кемсинткен жана өмүргө коркунуч туудурган» мамилеси Түркия тарабынан гана эмес, көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан да документтештирилгенин белгилеген делегация, Грециянын Эгей деңизиндеги милдеттерин аткаруусу жана анын иммигранттарга каршы «адамгерчиликсиз» аракеттерине чекит коюусу зарыл экенин айтты.

Делегация Түркиянын кипрлик түрктөрдүн эгемен теңдик укугун жана тең эл аралык статусун колдоону уланта турганын билдирди.



Тектеш кабарлар