Пакистанда селден жабыр тарткандарга Түркия жардам берүүдө...

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, жамгырдан улам 1606 адам, анын ичинде 579 бала жана 325 аял каза болуп, 12 863 киши жаракат алган.

1884009
Пакистанда селден жабыр тарткандарга Түркия жардам берүүдө...
afad pakistan.jpg
pakistan sel.jpg

Пакистанда 14-июндан бери уланган муссон жамгырларынан улам каза болгондордун саны 1606 болду.

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, жамгырдан улам 1606 адам, анын ичинде 579 бала жана 325 аял каза болуп, 12 863 киши жаракат алган.

Жаандан улам 2 миллион 16 миң 25 үй зыянга учурап, анын 805 миң 3ү толугу менен талкаланган.

Селден жалпысынан 13 миң 74 чакырым жол, 392 көпүрө бузулуп, 1 миллион 67 миң 241 айыл чарба малдары кырылды.

Жамгырдан 33,4 миллион адам жабыркады.

Бир тараптан Түркия Пакистандагы селден жабыркагандарга жардам берүүнү улантууда.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD), Бейтусселам бейпилдик фонду менен биргеликте Синд провинциясынын Даду аймагында Пакистанда селден жабыркагандарга 500 куту азык-түлүк таратты.

Жетекчилер ар кайсы шаарларда чатыр куруу иштери уланып жатканын жана жардамдардын улана турганын белгилешти.



Тектеш кабарлар