Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында бир аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен билдирүү жарыяланды.
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында бир аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында жөө аскерлердин улуу лейтенанты Серкан Эркуштун жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү менен чыккан кагылышууда шейит болгону белгиленди.
Билдирүүдө: «Бизди терең капа-кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,-деп айтылат.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялап, шейит Эркушка Аллахтын ырайымын каалады.
Бир тараптан Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында ПККнын 7 террористи таасирсиз кылынды.
Министрликтин билдирүүсүндө: «Шейитибиздин канын жерде калтырган жокпуз жана калтырбайбыз, Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында аныкталган ПККлык 7 террорист Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз абалга келтирилди»,делди.
Тектеш кабарлар
Грециянын премьер-министри эртең Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдоган Мицотакисти борбор шаар Анкарада кабыл алат.