Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1883606
Террор менен күрөш уланууда

Сириянын түндүгүндөгү «Зайтун бутагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 14 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Сириянын түндүгүндө террористтердин кол салуу аракеттеринин жоопсуз калтырбаганы белгиленди.

Билдирүүдө «Зайтун бутагы» аймагындагы бир база аймагына миномет менен кысым көрсөткөн жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 14 террористтин таасирсиз кылынганы кабарланды.

Ошол эле учурда Шырнакта «Эрен блокада-27» операциясынын алкагында колго түшкөн террористтердин саны 2ге жетти.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Шырнактын Силопи районунда бир террористтин кармалганын билдирди.

Сойлу Твиттердеги маалыматында: «Баатыр уулдарыбыз аларды баштарын уясынан чыгарганда эле кармап жатышат»,-деп айтты.

Силопинин Жуди тоосу Бестабелага аймагында да бир террористтин, аймакта күзөт иштерин жүргүзгөн жандармерия топторунун көңүл буруусу менен кармалганын белгилеген Сойлу, жандармерия топторуна куттуктады.

Ал арада Элазыгда 485 коопсуздук кызматкеринин катышуусунда «Эрен блокада-38 (Элазыг-Арыжак) шейит жандарм Жем Хавале операциясы» башталды.

Бир тараптан Улуттук чалгындоо уюму (MIT) кызыл эскертүү менен издөөдө жүргөн ПКК/КЖК мүчөсү Атилла Чичек менен жикчил уюмдун жооптууларынын бири Хүсейин Йылдырымды чек ара тилкесинде жүргүзгөн операцияда кармап Түркияга алып келди.



Тектеш кабарлар