Президент Режеп Таййип Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди
Эрдоган журналисттердин : "АКШнын президенти Жо Байден менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз",- деген суроосуна : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамлеясынын 77 - сессиясы үчүн АКШнын Нью - Йорк шаарына барган Президент Режеп Таййип Эрдоган журналисттердин : "АКШнын президенти Жо Байден менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз",- деген суроосуна : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди.
Нью - Йоркто жолугушууларын улантып жаткан Президент Эрдоган АКШдан Ф - 16 учактарынын алынышына байланыштуу да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Эрдоган БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш менен сүйлөшкөндөн мурда бир журанлисттин Ф - 16 тууралуу суроолоруна жооп берди. Президент Эрдоган АКШлык сенаторлордон Ф - 16ларга байланыштуу оң пикир алгандарын белгиледи.
АКШнын президенти Байдендин кабыл алуусуна катыша тургандыгын да айткан Президент Эрдоганга : "АКШнын президенти менен өзүнчө эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз?",- деген суроо берилди.
Президент Эрдоган бул суроого : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди. Эрдогандын бул жообу соцтармакта жактырылды жана бөлүшүлдү.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.