MİT операция жүргүздү
Операцияларда Гарада 4, Метинада 2 жалпы 6 террорист жок кылынды.
Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) Ирактын түндүгүндөгү операциялары менен жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө 6 террорист таасирсиз кылынды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, MİT тарабынан Ирактын түндүгүндө ПКК/КЖК мүчөлөрүнө каршы эки башка операция жүргүзүлдү.
Операцияларда Гарада 4, Метинада 2 жалпы 6 террорист жок кылынды.
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймактарына ок атып кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө: «Баатыр түрк аскерлери Сириянын түндүгүндө террористтерге каршы күрөшүн эффективдүү жана чечкиндүү түрдө улантууда. «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймактарына ок атып кол салууга аракет кылган ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист ийгиликтүү операцияда таасирсиз кылынды»,-деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.