TUSAŞтын өнүмдөрү Түштүк Африкадагы жарманкеде көрсөтүлөт

TUSAŞ Претория аймагындагы Waterkloof аба базасында өткөрүлүүчү жарманкеге катышат.

1881736
TUSAŞтын өнүмдөрү Түштүк Африкадагы жарманкеде көрсөтүлөт

Түркиянын авиация жана космостук өнөр жайы (TUSAŞ) 21-25-сентябрда Түштүк Африкада өтө турган Африка аэрокосмостук жана коргоо жарманкесинде өнүмдөрүн көрсөтөт.

TUSAŞтын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, эл аралык таанытуу иштерине жаңысын кошо турган фирма Түштүк Африканын Претория аймагындагы Waterkloof аба базасында өткөрүлүүчү жарманкеге катышат.

Түркиянын авиациялык экосистемасынын алдыңкы фирмасы катары өзү иштеп чыккан аба платформаларын жана космостук долбоорлорун стендди кыдыра турчу делегацияларга тааныштыра турган компания, улуттук согуштук чак, Аксунгур, Атак, Хүржет, Хүркуш-Ж, Анка, Small GEO жана Гөктүрк менен жарманкеде орун алат.



Тектеш кабарлар