Түркиянын алгачкы жакшылык поездиндеги жардам материалдары Пакистанга жеткирилди

Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча төрагалык (AFAD) координациясында бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен баш калаа Анкарадан жолго чыккан алгачкы «Жакшылык поездиндеги» жардам материалдары Пакистанга тапшырылды.

1881882
Түркиянын алгачкы жакшылык поездиндеги жардам материалдары Пакистанга жеткирилди
Turkiye iyilik treni pakistan1.jpg
Turkiye iyilik treni pakistan.jpg

Түркиянын алгачкы жакшылык поездиндеги жардам материалдары Пакистанга жеткирилди.

Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча төрагалык (AFAD) координациясында бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен баш калаа Анкарадан жолго чыккан алгачкы «Жакшылык поездиндеги» жардам материалдары үчүн Белужистан провинциясынын Куетта шаарындагы Пакистандын улуттук апаат башкаруу агенттигинин (NDMA) кампасында азем өткөрүлдү..

Аземге Белужистан губернатору Мухаммед Жан Жемали, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы, AFAD жана Түрк Кызылайынын өкүлдөрү жана коноктор катышты.

Белужистан губернатору Жамали бул жерде жасаган билдирүүсүндө Түркиянын ар дайым Пакистандын жанында экенин белгилеп: «Биз сизден сураганды жактырбайбыз. Сиздин бар экениңизди билебиз. (Түркия) Бизди колдоо жана жардам берүү үчүн ар дайым барсыз»,- деди.

Жемали Пачажынын Пакистанга тилектештик көрсөтүп Белужистанга барган алгачкы элчи болгонун белгилеп, Түркияга жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Пачажы болсо Пакистанда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чоң сел апаатын башынан өткөргөнүн эске салып, 1500дөн ашуун кишинин каза болгонун, миңдеген километр жол жана үйлөр кыйрап, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилгенин айтты.

Түркиянын апааттын биринчи күнүнөн бери пакистандык боордоштор үчүн майданда экенин билдирген Пачажы AFAD, Түрк Кызылайы жана түрк бейөкмөт уюмдарынын бул өлкөдөгү жардам аракеттерине токтолду.

Түрк элинин сел апаатын укканда тез чара көргөнүн белгилеген Пачажы, президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен гуманитардык жардам материалдарын ташыган 14 жүк ташуучу учак жана боорукердик поезддери жөнөтүлгөнүн баса белгиледи.

Бул жардам материалдарынын түрк элинин пакистандык боордоштор менен тилектештигинин бир белгиси экенин айткан Пачажы Түркиянын кайра куруу жана реабилитация процессинде Пакистандын жанында болушун уланта турганын айтты.

Элчи Пачажы жардамдын бир бөлүгүнүн бул жерде, калганынын башка шаарларга бара жатканын белгилеп, Түркиянын жардамдары Пакистан элинин жаралары айыкканга чейин улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар