Шентоп Пелосинин сапарына каршы чыкты

Мустафа Шентоп Стамбулдагы ачылышка катышып, сөз сүйлөдү.

1881676
Шентоп Пелосинин сапарына каршы чыкты

 

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Арменияга сапарын аймактык тынчтыкка пайда алып келе турган жакшы мамиле катары көрбөгөнүн билдирди.

Мустафа Шентоп Стамбулдагы ачылышка катышып, сөз сүйлөдү.

Шентоп сөзүндө Нэнси Пелосинин Арменияга болгон сапарына көңүлдөрдү буруп, ошол эле адамдын өткөн айда Тайванга да талаштуу сапар жасаганын эске салды.

Шентоп, бир өлкөнүн парламентинин спикеринин башка өлкөгө барышы кадыресе көрүнүш экенин, бирок Армения менен Азербайжандын ортосунда жакында чечилген көйгөйдү эске алганда бул сапардын «чагымчыл жана кризисти күчөтүүчү потенциалга ээ» экенин айтты.

Мустафа Шентоп бул окуяга:« Көптөгөн эл аралык институттар Армениянын баскынчысы экенин аныктап жана жарыялаган ушул 28 жылдык мөөнөттө (Армения Азербайжанды оккупациялаганда) эч кандай кадам таштабаган жана бармагын кыймылдатпаган Минск тобунун теңтөрагаларынын бири болгон АКШ парламентинин спикеринин так эле Азербайжандын «Эгер силер кыла албасаңар маселени мен өзүм чечем» деп айтып, демилге көтөрүп, иш жүзүндө өз жерлерин басып алуудан бошоткон процессинде сапар жасаганын аймактын жана дүйнөнүн тынчтыгына пайдалуу боло турган жакшы ниеттүү мамиле катары көрбөйм»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар