Президент : "Биздин максатыбыз – Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуу"

Президент Эрдоган Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин АКШга бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1881204
Президент : "Биздин максатыбыз – Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуу"

Президент Режеп Таййип Эрдоган максаттарынын Шанхай Кызматташтык Уюму ШКУга толук кандуу мүчө болуу экенин айтты. Президент Эрдоган Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин АКШга бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берди. «Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Шанхай кызматташтык саммитине биринчи жолу «атайын конок» катары катыштым. Түркия 2012  - жылдан бери уюмдун диалог өнөктөшү»,- деди.

Эрдоган Түркиянын «Кайра Азия демилгесинин» алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде континенттик өлкөлөр менен кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө эрктүү экенин баса белгилеп : "Уюмдун алкагында  өлкөбүз менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү   эркинин, каалоонун  бар экенин байкоо бизди кубандырат. Бул саммит өлкөбүздүн артыкчылыктарын көрсөтүү жана кошкон салымыбызды билдирүү үчүн маанилүү учур болду”,- деди. 

Президент : "Биздин максатыбыз – Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуу",- деди. 



Тектеш кабарлар