Президент Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту
Жолугушуу массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын 22 - саммитинен улам барган Өзбекстандын Самаркант шаарында расмий жолугушууларын улантып жаткан Эрдоган Өзбекстандын президенти Мирзиеев менен жолугушту. Саммит өткөрүлгөн конгресс борборундагы жолугушуу массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.
Эрдоган Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын 22 - саммитиндеги жолугушууларынын негизинде Индиянын премьер - министри Нарендра Моди, Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпин, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен өзүнчө жолугушту.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.