Стамбул аэропорту эң кыймылдуу аэропорт

Түрк аба жолдору да Европада эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында 3-орунга чыкты.

1880501
Стамбул аэропорту эң кыймылдуу аэропорт

Август айында Стамбул аэропорту күнүмдүк орточо 1328 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Европанын аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) 2022-жылдын август айына карата комплекстүү баалоо отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту 2019-жылдын август айына салыштырмалуу каттамдарын 2 пайызга көбөйттү.

Стамбул аэропорту август айында күнүмдүк орточо 1328 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болуп, Франциядагы Париж Шарль де Голль менен Нидерландиядагы Амстердам Схипхол аэропортун артта калтырды.

Отчетко караганда Түркия август айында Европада эң кыймылдуу өлкөлөрдүн арасында 6-орунду ээледи.

Түрк аба жолдору (THY) бул мезгилде күнүмдүк орточо 1473 каттам менен Европада эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында 3-орунга чыкты.



Тектеш кабарлар