Чавушоглу Елизаветанын таажиясына катышат

Министр Чавушоглу Анкарада дипломатия кабарчылары менен өткөргөн жыйында билдирүүлөрдү жасады.

1880018
Чавушоглу Елизаветанын таажиясына катышат

Англиянын ханышасы Елизавета IIнин таажиясында Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылат.

Борбор шаар Анкарада дипломатия кабарчылары менен өткөргөн жыйында билдирүүлөрдү жасаган министр Чавушоглу, 8-сентябрь бейшемби күнү көз жумган ханыша Елизавета IIнин Англияда 19-сентябрда боло турган жаназа зыйнатында Түркияны өкүлдүк кыла турганын айтты.

Чавушоглу 27-сентябрда да Японияда мурунку премьер-министр Синдзо Абэ үчүн өткөрүлө турган расмий жаназа зыйнатына катыша турганын билдирди. 

Абэ 8-июлда Япониянын түштүгүндөгү Нара шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда сөз сүйлөп жатканда куралдуу кол салууга дуушар болуп көз жумган. 



Тектеш кабарлар