Алтун: «Өлкөдө террордук уюмдун дымы чыкпай калды»

Алтун борбор шаар Анкарадагы Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын жыйындар залында президенттик аппарат менен саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фонду (SETA) тарабынан уюштурулган симпозиумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

1879453
Алтун: «Өлкөдө террордук уюмдун дымы чыкпай калды»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын террор балээсинен чоң өлчөмдө кутулганын белгилеп:«Өлкөдө террордук уюмдун дымы да чыкпай калды»,-деди.

Алтун борбор шаар Анкарадагы Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын жыйындар залында президенттик аппарат менен саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фонду (SETA) тарабынан уюштурулган «Үнсүз каршылыктын символу: Диярбакыр энелери» симпозиумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Фахреттин Алтун: «Эми террордук уюмдун лидери делген адамдарды өздөрүн коопсуз сезген жерлерде да таасирсиз кыла алабыз. Бул учурда террордук уюм чоң өлчөмдө таасирин жана күчүн жоготту»,-деди.

Фахреттин Алтун айрыкча акыркы 20 жылда террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтер менен Түркиянын бул террор балээсинен чоң өлчөмдө кутулганына көңүл буруп, сөзүн мындайча улантты: «Президентибиздин «Терроризмди булагында жок кылуу» стратегиясы менен коопсуздук күчтөрүбүз чек аранын ичинде жана тышында эффективдүү жана чечкиндүү күрөш жүргүзүштү жана улантууда. Уюм өлкө ичинде көрүнбөй калды. Биз террористтерди чет өлкөдө да баш көрөтпөй, уюмдун корбашчыларын бир-бирден таасирсиз кылабыз»,-деди.

Алтун, балдары жикчил террордук уюм ПКК тарабынан барымтага алынган Диярбакырдын энелери тууралуу: «Бул адамдардын күрөшүнүн бир доордун акырына алып келерине, террордук уюмга чекит коюусуна жана Түркиянын тынчтык климатын бекемдөөсүнө ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар