Алтун Мадридде БУУнун реформаланышына карата панель өткөрдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, панелдин ачылышына видеокайрылуу жөнөтттү.

1879022
Алтун Мадридде БУУнун реформаланышына карата панель өткөрдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Испаниянын борбор шаары Мадридде «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартипти кайра курууга жаңы бир мамиле» аттуу панелди өткөрдү.

Панелдин ачылышына видеокайрылуу жөнөткөн Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Нью-Йоркто 20-26-сентябрда өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынынын алдында БУУнун реформасына карата түрк саясатын дүйнөлүк масштабда эл аралык коомчулукка жеткирүү максатын көздөгөн панелдердин биринин Мадридде өткөрүлгөнүн айтты.

Фахреттин Алтун: «Президент Режеп Тайып Эрдогандын (дүйнө 5тен чоң) риторикасы эл аралык коомчулукта олуттуу кызыгууга ээ болду. Көп полярдуу, адилеттүү жана камтыган БУУну курууга болот»,-деди.

БУУнун азыркы абалы менен эл аралык коомчулуктун күтүүлөрүн актоодон алыс экенин, ишеним жана кадыр-баркынын азайганын, чечимдерди эмес, туюктарды чыгарганын баса белгилеген Алтун: «БУУнун Коопсуздук Кеңеши 5 туруктуу мүчөсү менен тарап болуп саналат жана зулумдуктарга каршы сүйлөй албай калды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул адилетсиз түзүмү өзгөрүшү керек жана ар тараптуу реформа керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар