Дан жүктөлгөн дагы төрт кеме жол тартты

Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1877004
Дан жүктөлгөн дагы төрт кеме жол тартты

Дан ташыган дагы 4 кеме Украинадан жөнөп кетти.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Дан ташуу иштери пландалгандай уланууда. Дан жүктөлгөн дагы 4 кеме Украина портторунан жол тартты»,-деп айтылды.

Кара деңизден азык-түлүктүн коопсуз өткөрүлүшү үчүн 22-июлда Стамбул Долмабахче сарайындагы Президенттиктин кеңсесинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен «Стамбул дан келишимине» кол коюлган.

Кара деңизден дан азыктарынын коопсуз ташылышы үчүн түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор 27-июлда Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин кампусунда ишин баштаган.



Тектеш кабарлар