Түркия менен Босния-Герцеговина алакаларын бекемдөөдө

Эрдоган Босния-Герцеговинага барды.

1876590
Түркия менен Босния-Герцеговина алакаларын бекемдөөдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган Босния-Герцеговина менен Түркиянын ортосунда өздүк карталары аркылуу саякаттоо чечимин чыгаргандарын айтты.

Эрдоган кесиптештеринин чакыруусу менен Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватияга расмий сапар жасоодо.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараевого барган президент Эрдоган, Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы Шефик Жаферович, кеңештин мүчөлөрү Желько Комшич жана Милорад Додик менен кол коюу аземине жана биргелешкен маалымат жыйынга катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Босния-Герцеговина менен Түркиянын ортосунда эми өздүк карталары менен саякаттоо чечимин кабыл алдык»,- деди.

Бул билдирүүлөрдөн кийин президент Эрдоган, Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы Жаферович, кеңештин мүчөлөрү Желько Комшич жана Милорад Додик журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Президент Эрдоган, Босния-Герцеговинадагы шайлоо мыйзамынын өзгөрүшүнө байланыштуу суроого: «Шайлоо мыйзамын үч лидер чечиши керек. Буга жогорку өкүлдүн кийлигишүүсү демократиянын талаптарына да каршы келет»,- деди.

Босния-Герцеговинага кетер алдында Грецияга байланыштуу жасаган билдирүүлөрү тууралуу суроого Эрдоган: «Алардын аралдары бар, бул аралдарда базалары бар, эгер ошолордун негизинде бизге каршы мыйзамсыз коркутуулар улана берсе, сабырдын да аягы бар»,-деп айтты.

Президент: «Менин айтып жатканым түш эмес. Бир түнү капыстан келип калышыбыз мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар