Көндүрүү жолу менен багынып берген террористтер

Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымат бөлүштү.

1875448
Көндүрүү жолу менен багынып берген террористтер

Көндүрүү аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы 3 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Жандармериянын башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу изилдөөлөрү министрликтин координациясында уланууда.

Ушул алкакта жикчил террордук уюм ПККдан  качкан дагы 3 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Багынган террористтердин 2013, 2014 жана 2019-жылдары террордук уюмга кошулуп, Ирак жана Сирияда террордук кыймылдарды жүргүзгөнү аныкталган.

Көндүрүү аракеттеринин натыйжасында жыл башынан бери күч органдарына багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 81ге жетти.



Тектеш кабарлар