Дан коридорунун алкагында ташылган жүктүн көлөмү

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин Деңиз иштери башкы башкармалыгынын Твиттер эсебинен «Дан коридору келишиминин» алкагында ташылган жүктөр тууралуу билдирүү жарыяланды.

1875369
Дан коридорунун алкагында ташылган жүктүн көлөмү

Дан коридору келишиминин алкагында биринчи айда Украинадан 1 миллион 680 миң 396 тонна жүк ташылды.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин Деңиз иштери башкы башкармалыгынын Твиттер эсебинен «Дан коридору келишиминин» алкагында ташылган жүктөр тууралуу билдирүү жарыяланды.

Бөлүшүүдө келишимдин алкагында биринчи айда 1 миллион 680 миң 396 тонна жүк ташылып, жүктүн 23 пайызы Түркияга келгени, жүктөө үчүн Украинанын портторуна барган кемелердин 41 пайызы түрк желектүү же Түркияга таандык болгону белгиленди.

Дан коридорунун алкагында Украинанын Одесса, Черноморск жана Южный шаарларындагы порттордон 26сы түрк желектүү, ээлик кылган же иштеткени белгиленген билдирүүдө, 27 кеменин жүктөрүн Түркия портторуна алып келгени, калгандарынын болсо Германия, Жибути, Кытай, Францияга, Түштүк Корея, Индия, Нидерландия, Англия, Иран, Ирландия, Испания, Израиль, Италия, Ливия, Ливан, Египет, Румыния, Сомали, Судан жана Грецияга алып барганы белгиленди.

Билдирүүдө, кемелер менен күн карама уруктары, күн карама унун, күн карама майы, арпа, буудай, жүгөрү, соя, кант кызылчасы, буурчак жана рапс уруктары болгон жүктүн 10 түрү ташылганы белгиленди.

Билдирүүдө 69 кеменин 22синин Орусия Украинага каршы согуш баштаган 24-февралдан бери тыгында калган кемелер, калгандарынын дан коридору ачылгандан кийин Украинага барып, жүктөп кайра кайтып келген кемелер экени белгиленди.



Тектеш кабарлар