Дагы алты кеме жол тартты
Дан ташуу иштери пландалгандай уланууда.
Украина портторунан дан жүктөлгөн дагы 6 кеме жөнөп кетти.
Улуттук Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Украина портторундагы дан эгиндерин ташуу иштери пландалгандай уланууда.
Ушул алкакта бүгүн дагы 6 кеме Украина портторунан жол тартты.
Кара деңизден азык-түлүктүн коопсуз өткөрүлүшү үчүн 22-июлда Стамбул Долмабахче сарайындагы Президенттиктин кеңсесинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен «Стамбул дан келишимине» кол коюлган.
Кара деңизден дан азыктарынын коопсуз ташылышы үчүн түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор 27-июлда Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин кампусунда ишин баштаган.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.