Эрдоган Грецияга каршылык көрсөттү
Президент Эрдоган Деңиз академиясынын командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Эгейде ар бир мүмкүнчүлүктө кысым жана оройлук менен баш аламандык жараткандардын бир гана пешка экенин, чыныгы аракетти алардын артында тургандар кылып жатканын билебиз»,- деди.
Президент Эрдоган Деңиз академиясынын командирлигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.
Сөз сүйлөөсүндө: «Биз учкучсуз учуучу аппараттарыбыз менен, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз менен, Акынжыларыбыз менен барбыз. Эми Гөкбей тик учагыбыз бар. Бул куралдарыбыздан улам дүйнөдө бизге душмандык кылгандар коркуп турушат»,-деген Эрдоган Грециянын радар бекитүүлөрүнө да катуу карышылык көрсөтүп: «Эгейде ар бир мүмкүнчүлүктө кысым жана оройлук менен баш аламандык жараткандардын бир гана пешка экенин, чыныгы аракетти алардын артында тургандардын кылып жатканын билебиз»,- деп айтты.
Жер Ортолук деңизиндеги эл аралык аба мейкиндигинде миссиялык учууларды аткарган Аба күчтөрү командирлигине караштуу F-16 учактарга 23-августта Крит аралында жайгашкан Грециянын орус өндүрүшү С-300 абадан коргонуу системасы тарабынан радар бөгөтү коюлган болчу.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.