Алтун APA маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди
Дан коридору келишимине токтолгон Алтун: «Ушул убакка чейин кемчиликсиз иштеп келе жаткан механизм бизди кеңири демилгелерди көтөрүүгө үндөйт»,-деди.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун 22-июлда Түркиянын жетекчилигинде Украина жана Орусия менен кол коюлган дан келишиминин негизинде глобалдык азык-түлүк кризисинин алдын алынганын айтты.
Фахреттин Алтун Австрияда жайгашкан APA маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун Түркиянын, 24-февралдан бери бири-бири менен согушуп жаткан Орусия менен Украинанын ортосунда дипломатиялык жана тынчтык жол менен чечим табуу үчүн аракет кылууга даяр экенин билдирди.
Дан коридору келишимине токтолгон Алтун: «Ушул убакка чейин кемчиликсиз иштеп келе жаткан механизм бизди кеңири демилгелерди көтөрүүгө үндөйт»,-деди.
Алтун глобалдык жагдайлардын Түркия менен Европа Биримдигин жакындаштырганын да белгилеп: «Ушундай темп менен Түркиянын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан жанданышы таң калыштуу болбойт», - деди.
Алтунга Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк арыздары да суралды.
Алтун, эки мамлекеттин Түркиянын коопсуздугу үчүн чын ыкластуу позициясын көрүүнү каалагандарын айтты.