Эрдоган Аныткабирге зыярат кылды

Эрдоган Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

1873768
Эрдоган Аныткабирге зыярат кылды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер, 30-август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнүнөн улам Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи жайгашкан Аныткабирге зыярат кылышты.

Эрдоган бул жерде Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган китепке буларды жазды:

«Урматтуу Ататүрк, даңазалуу тарыхыбыздын эң маанилүү бурулуш жерлеринин бири болгон Улуу жеңиштин 100 жылдыгында сизди, куралдаштарыңызды, Улуу Улуттук Жыйындын урматтуу мүчөлөрүн жана шейиттерибизди таазим кылып эскеребиз. 

Баатыр шейиттерибизден алган эргүү менен Түркия Республикасын сиздин максаттарыңыздын багытында алдыга жылдырууну, өзгөчө экономика, коргоо жана дипломатияда ар тармакта күчтөндүрүүнү улантып жатабыз.

Дүйнөлүк эпидемиялык кризисти маңдай тери менен жеңген өлкөбүз өз аймагындагы чыр-чатактарды да ийгиликтүү башкарып, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн бүткүл дүйнө баалаган дипломатиялык кадамдарды жасоодо.

Өсүп күчтөнгөн, өзүнө ишенген жарандары менен биргеликте эзилгендердин да үмүтү болгон Түркиянын курулушуна баскынчылардын оюндары да, кандуу террордук уюмдардын чабуулдары да тоскоол боло албайт. Жаткан жериңиз жайлуу болсун».

Президент андан соң Мамлекеттик мүрзөгө зыярат кылды.



Тектеш кабарлар