TOGG менен SMART_iX кызматташууда
Тогг расмий Твиттер баракчасынан билдирүү жасады.
1873349
Түркиянын Автоунаа Демилге тобу (Togg), программалык камсыздоо компаниясы Smart_IX менен бизнестик өнөктөштүк келишимине кол койгонун жарыялады.
Бул темага байланыштуу Тоггдун расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Колдонуучу тажрыйбасында жасалма интеллект тарабынан колдоого алынган чечимдерди сунуш кылган @SMART_iX менен түзгөн стратегиялык кызматташтыгыбыздын негизинде биз мобилдүүлүк экосистемабызды кеңейтип, "Акылдуу жашоо" кызматтарыбыздын коопсуз, тез жана экологиялык жактан таза болушун камсыздайбыз»,-деп айтылды.
Ата мекендик Togg унаасынын 29-октябрда массалык түрдө өндүрүлүп чыга башташы күтүлүүдө.