Зорлу Төре: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизиндеги укуктарыбызды акырына чейин коргойбуз»

Зорлу Төре Ризенин Чайели районунда катышкан иш-чарада журналисттерге билдирүү жасап, Грециянын ар дайым бузулган мамилеси болгонун айтты.

1873025
Зорлу Төре: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизиндеги укуктарыбызды акырына чейин коргойбуз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Республика парламентинин төрагасы Зорлу Төре Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизиндеги укуктарын акырына чейин коргой тургандарын билдирди.

Зорлу Төре Ризенин Чайели районунда катышкан иш-чарада журналисттерге билдирүү жасап, Грециянын ар дайым бузулган мамилеси болгонун айтты.

Грециянын артында Европа, Америка жана Орусия сыяктуу күчтөрдү алып кыймыл кылганын баса белгилеген Төре: «Биздин Эгей деңизи менен Чыгыш Жер Ортолук деңизде да улуттук укуктарыбыз жана кызыкчылыктарыбыз бар. Түркия аймактын эң күчтүү өлкөсү. Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги эң чоң жээкке ээ. Түндүк Кипр Түрк Республикасы да ошол жерде. Ошондуктан гректер от менен ойноп жатышат. Алар бул сүйүүдөн баш тартышсын»,-деп айтты.

Төре, Түркиянын боштондук согушундагы ийгилигине көңүл буруп: «Ниет кылбасын. Биз аларга Стамбулду да, Батыш Фракияны да, Түндүк Кипр Түрк Республикасын да бербейбиз. Биз улуттук маселебизди коргойбуз. Биздин уңгубуз улутубуз жана түрк улуту. Кандай гана укук жана кызыкчылыктар болбосун аларды чечкиндүү түрдө негизги мекен Түркиянын президенти менен бирге коргойбуз»,-деп өз баасын берди.

Кипр түрк калкынын Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ иштеринен абдан ыраазы экенин белгилеген Төре сөзүн төмөнкүчө улантты: «Биз Кипр түрк калкы катары деңиздердеги укугубузду жалгыз коргошубуз мүмкүн эмес. Эгер Түркия кепил өлкө болбогондо жана Кипрге кийлигишпегенде Кипр аралы эчак эле Крит аралы болмок же он эки аралдан кийинки он үчүнчү арал катары Грецияга туташтырылмак. Чыгыш Жер Ортолук деңиз Түркия үчүн жабык болмок, бирок азыр Түркия аймактагы эң күчтүү өлкө.Түркия биздин бургулоочу кемелер жана сейсмикалык изилдөө кемелерибиз менен бирге чоң флот курду. Жолубузду улантып жатабыз. Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укугубуз кандай болсо, Эгей деңизиндеги укугубуз кандай болсо да, аларды акырына чейин коргойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар